# 126-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 126-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-126

---

1. Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарларын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берет.

Башкы прокурорду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселе Президенттин сунушу боюнча каралат. Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана (же) анын орун басарларын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселе Башкы прокурордун тиешелүү сунушу болгон учурда каралат.

2. Сунушту кароо үчүн ушул Регламентте каралган тартипте териштирүү боюнча комиссия түзүлөт. Комиссия сунушту карайт жана өзү түзүлгөн күндөн тартып 21 күндөн кечиктирбестен өз корутундусун Жогорку Кеңешке жөнөтөт.

3. Сот тартибинде салынуучу укук бузуу үчүн кылмын-жаза жоопкерчилигине жана жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени кароодо комиссия Башкы прокуратуранын өкүлүн, ошондой эле маселеси чечилип жаткан адамды угууга милдеттүү.

4. Комиссиянын маалымдамасы жана мамлекеттик кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимдин долбоору Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизилет.

5. Бул маселени кароодо, ошондой эле сунуш кылынган долбоордо чечимдер сунушта көрсөтүлгөн фактыларды гана чечмелөө, баалоо же тактоо менен чектелет.

Токтом депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин жашыруун добуш берүүсү менен кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-125)  
Кийинки берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-127)
