# 123-берене. Кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 мая 2026 года № 76 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046343)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.05.2026 [Закон КР от 25 мая 2026 года № 76 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046343); 18.12.2024 [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=53296..53302>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 123-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-123

---

1. Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана анын орун басарларынын, Башкы прокурордун өз каалоосу боюнча кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы Жогорку Кеңеш тарабынан эске алынат жана токтом менен таризделет.

2. Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордунан бошотууга депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.

3. Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдү кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечимди ачык добуш берүү менен кабыл алууга укуктуу.

1) Башкы прокурорду, Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын - депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен;

11) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын тартиптик жосун жасагандыгы үчүн ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууну караган негиздер боюнча - депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен;

2) Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарларын - депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен.

4. Кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушту бул сунушту негиздөө менен төмөнкүлөр берет:

1) Президент - Башкы прокурорго карата;

2) Президент - Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларына карата;

3) Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президент - Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларына карата;

4) Президент - Улуттук банктын төрагасына карата;

5) Президент - Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын жарымына карата;

6) Жогорку Кеңеш - Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын жарымына карата;

7) Президент - Эсептөө палатасынын курамынын үчтөн бирине карата;

8) Жогорку Кеңеш - Эсептөө палатасынын курамынын үчтөн экисине карата;

9) фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар - Акыйкатчыга (Омбудсменге) карата;

10) Акыйкатчы (Омбудсмен) - өзүнүн орун басарларына карата.

5. Эгерде депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмеси жашыруун добуш берүү менен тиешелүү чечимди жактап добуш берсе, Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотууга Президентке макулдук Жогорку Кеңеш тарабынан берилди деп эсептелет.

6. Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен жактырат.

7. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушту тармактык комитет 10 күндүк мөөнөттө, бирок сунушту алгандан кийин 7 күндөн эрте эмес карайт.

Башка комитеттер, фракциялар жана депутаттык топтор талкуулоо өткөрүүгө жана жооптуу комитет тарабынан маселе каралганга 3 күн мурда жооптуу комитетке корутунду берүүгө укуктуу.

8. Жогорку Кеңеш кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин 5 күндөн кечиктирбестен карайт.

9. Эгерде Жогорку Кеңештин сессиясы көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин жабылса, маселе ушул берененин 7 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактоо менен кезексиз сессияда каралууга жана чечилүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205, 2026-жылдын 25-майындагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-124)
