# 122-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоо, бекитүү, дайындоого макулдук берүү жол-жобосу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 122-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-122

---

1. Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын шайлоо жөнүндө маселелерди кошпогондо, Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган мамлекеттик кызмат орундарына шайлоо жөнүндө, дайындоого макулдук берүү жөнүндө, шайлоону жактыруу жана бекитүү жөнүндө маселелерди тиешелүү сунушту алган күндөн тартып 14 жумуш күндөн кечикпеген мөөнөттө карайт жана чечет.

Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын шайлоо жөнүндө чечимин тиешелүү сунуштама келип түшкөн күндөн тартып 2 жумадан кечиктирбестен кабыл алат. Талапкерлерди кароо бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлер Жогорку Кеңешке кызмат адамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 20 күндөн кечиктирбестен же, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен киргизилет.

3. Жогорку Кеңешке Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкерлер тиешелүү сунуштама алынган күндөн тартып 2 жумадан кечиктирилбестен, башка талапкерлер 14 жумуш күндөн кечиктирилбестен милдеттүү түрдө жооптуу комитетте талкууланат, ал ар бир талапкер боюнча корутунду даярдайт.

Талапкерлер, чакырылган учурда, комитеттин жыйналышына катышууга жана берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү.

4. Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн дайындоого депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет. Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн көрсөтүү жана Жогорку Кеңеш тарабынан макулдук берүү тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

5. Жогорку Кеңеш Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин сунушунун негизинде Президенттин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен шайлайт.

6. Жогорку Кеңеш Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын судьялардын ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындоого депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.

7. Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду дайындоого Президенттин сунушу боюнча депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.

8. Жогорку Кеңеш жашыруун добуш берүү менен төмөнкүлөрдү шайлайт:

1) Улуттук банктын төрагасын - Президенттин сунушу боюнча;

2) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымын - Президенттин сунушу боюнча, жарымын - фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын демилгеси боюнча;

3) Эсептөө палатасынын курамынын үчтөн бирин - Президенттин сунушу боюнча, үчтөн экисин - фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын демилгеси боюнча;

4) Акыйкатчыны (Омбудсменди) - парламенттик фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын сунуштамасы боюнча;

5) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын - Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча;

6) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына Жогорку Кеңепшш депутаттарынын ичинен бир өкүлдү - фракциялардын жана депутаттык топтордун, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын сунушу боюнча; Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнүн талапкерлеринин ичинен бир өкүлдү - юристтердин коомдук бирикмесинин сунушу боюнча.

9. Фракциялар, депутаттык топтор жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына бир өкүлдү шайлоо үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен талапкерди сунуш кылат.

10. Юристтердин коомдук бирикмеси Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына 4кө чейинки талапкерди сунуш кылууга укуктуу.

11. Президент, Судьялар кеңеши, Элдик Курултай тарабынан сунуш кылынган талапкерлер менен бирге шайланган талапкерлер жашыруун добуш берүү менен бирдиктүү тизме менен бекитилет.

12. Талапкерлерди көрсөтүлгөндөн кийин тармактык комитет Жогорку Кеңештин кароосуна талапкерлердин тизмесин шайлоо үчүн алып чыгат.

13. Ар бир талапкер шайлоого чейин өзүнүн талапкерлигин алып салууга укуктуу.

14. Эгерде шайлоого бир талапкер катышса жана ал шайланбай калса, жаңы талапкерлер сунушталат жана жаңы шайлоо өткөрүлөт.

15. Эгерде шайлоого эки талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын албаса, добуштардын алда канча көп санын алган талапкер боюнча кайра добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде ал бул учурда да добуштардын зарыл санын албаса, анда жаңы талапкерлер сунушталат жана жаңы шайлоо өткөрүлөт.

16. Эгерде шайлоого бирдей сандагы добуштарды алган эки талапкер катышса, анда жаңы талапкерлер сунушталат жана жаңы шайлоо өткөрүлөт.

17. Эгерде шайлоого экиден ашуун талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын албаса, алда канча көп сандагы добуш алган эки талапкердин ортосунда добуш берүүнүн кийинки туру өткөрүлөт. Эгерде алардын бири да добуштардын зарыл санын албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер боюнча кайра добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде талапкер бул учурда да добуштардын зарыл санын албаса, анда жаңы талапкерлер сунуш кылынат жана жаңы шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кийинки турга өткөн талапкер өз талапкерлигин алып салса, анда көп добуш алган кийинки талапкер үчүн добуш берүү өткөрүлөт.

18. Ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кызмат адамдарын шайлоо жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен таризделет.

19. Эгерде Жогорку Кеңеш сунуш кылынган талапкерди дайындоого макулдук бербесе, фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар жана юристтердин коомдук бирикмелери 15 календардык күндүн ичинде башка талапкерди сунуш кылууга милдеттүү.

20. Жогорку Кеңеш сунуш кылынган талапкерлерге макул болбогон учурда Президент, Судьялар кеңеши, Элдик Курултай жана юристтердин коомдук бирикмелери 15 жумуш күндүн ичинде жаңы талапкерлерди көрсөтүүгө милдеттүү.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-121)  
Кийинки берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-123)
