# 121-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 121-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-121

---

1. Жогорку Кеңеш Президенттин сунушу боюнча тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карайт.

2. Президенттин сунушун Төрага корутунду даярдоо үчүн жооптуу комитетке токтоосуз жөнөтөт.

3. Жооптуу комитеттин жыйналышына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер, юстиция маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар органдардын жетекчилери чакырылат.

4. Корутунду Президенттин сунушу киргизилген учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен жооптуу комитет тарабынан даярдалууга тийиш.

5. Жогорку Кеңеш тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени тиешелүү сунуш келип түшкөн учурдан тартып 5-күндөн кечиктирбестен чечет.

6. Жогорку Кеңеш өз жыйналышына Президентти, Министрлер Кабинетинин Төрагасын, коргоо министрин, улуттук коопсуздук, тышкы иштер, ички иштер, юстиция маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын, башка кызыкдар органдардын жетекчилерин чакырат.

7. Жогорку Кеңештин жыйналышында маселени кароо Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн баяндамасынан башталат.

8. Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат жана ал кабыл алынган учурдан тартып бир күндүн ичинде Президентке жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-122)
