# 119-берене. Парламенттик угуулардын сунуштамалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 119-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-119

---

1. Парламенттик угуулардын жыйынтыктары боюнча угууларга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен талкууланып жаткан маселе боюнча сунуштамалар кабыл алынат. Парламенттик угуулардын сунуштамалары аларды өткөрүүнү демилгелеген фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер, комиссиялар тарабынан каралат.

2. Парламенттик угуулар аудиотүзүлүшкө жазылат жана кагазга түшүрүлөт. Угуулардын стенограммасына төрагалык кылуучу же башка жооптуу адамдар кол коет.

3. Парламенттик угуулардын сунуштамалары Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат жана басма сөздө жарыяланышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-120)
