# 118-берене. Парламенттик угууларды өткөрүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 118-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-118

---

1. Парламенттик угууларды аларды өткөрүүнү демилгелеген фракциянын лидери, депутаттык топтун жетекчиси, комитеттин же комиссиянын төрагасы алып барат.

2. Төрагалык кылуучу депутаттарга жана чакырылган адамдарга сүйлөө үчүн сөз берет, талкуулоонун тартибине көз салат, билдирүүлөр менен сөз сүйлөйт.

3. Парламенттик угуулардын узактыгын талкууланып жаткан маселелердин мүнөзүнө таянуу менен Жогорку Кеңештин фракциясы, депутаттык тобу, комитети жана комиссиясы аныктайт.

4. Эгерде Жогорку Кеңеш башка чечим кабыл албаса, Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын убагында парламенттик угууларды өткөрүүгө жол берилбейт.

5. Парламенттик угуулар төрагалык кылуучунун кириш сөзү менен башталат, ал катышып отургандарга талкуулана турган маселенин маңызы, жыйналышты өткөрүүнүн тартиби, чакырылган адамдардын курамы жөнүндө маалымдайт. Андан кийин талкуулануучу маселе боюнча баяндама үчүн фракциянын, депутаттык топтун, комитеттин же комиссиянын өкүлүнө 20 мүнөткө чейин сөз берилет, андан соң депутаттар жана чакырылган адамдар сөз сүйлөйт.

6. Чакырылган адамдардын бардыгы төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана сөз сүйлөйт.

7. Парламенттик угууларда баяндамачылар жана чакырылган адамдар сөз сүйлөгөндөн кийин катышуучулардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки суроолору жана аларга жооптор берилет.

8. Парламенттик угуулардын катышуучулары сүйлөп жаткандардын сөздөрүн кыйкырыктар, кол чабуулар менен үзгүлтүккө учуратууга, парламенттик угуулардын регламентин бузууга укуксуз. Төрагалык кылуучу тартип бузуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-119)
