# 115-берене. Парламенттик угуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 115-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-115

---

1. Фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер жана комиссиялар өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча парламенттик угууларды демилгелейт жана өткөрөт.

2. Парламенттик угууларда мыйзам долбоорлору, эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо боюнча мыйзамдардын долбоорлору, республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору жана аны аткаруу жөнүндө отчет, мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышы, башка маселелер талкууланат.

3. Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктук статусун камсыз кылуу жөнүндө, бюджет, салыктар жана башка милдеттүү жыйымдар жөнүндө, жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү жөнүндө, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузууларга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү милдеттүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-116)
