# 114-берене. Мыйзамдарга жана Жогорку Кеңештин чечимдерине мониторинг жана баа берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 114-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-114

---

1. Жогорку Кеңештин комитеттери мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышына контролду жүргүзүү максатында кабыл алынган мыйзамдарга жана алардын тармагына тиешелүү чечимдерге жыл сайын мониторинг жүргүзөт жана баа берет.

2. Кабыл алынган мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү максатында комитеттер мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардан маалыматты суратууга укуктуу, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди тарта алат.

3. Жүргүзүлгөн мониторингдин жана баа берүүнүн натыйжалары отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-115)
