# 113-берене. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда комитеттердин укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 113-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-113

---

1. Комитеттер өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, каралган же алардын өндүрүшүндө турган иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана алардын кызмат адамдарына мыйзамдардын жоболорун жана Жогорку Кеңештин чечимдерин бузуу же болбосо аткарбоо фактылары боюнча, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ болгон башка маселелер боюнча кайрылууга укуктуу.

2. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын текшерүүдө комитеттер өздөрү жүргүзүп жаткан иш-чараларга катышууга контролдоо-көзөмөлдөө функциялары берилген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле мамлекеттик эмес аудитордук кызматтардын өкүлдөрүн жана айрым адистерди тартууга укуктуу.

3. Комитеттер мамлекеттик органдардан жана мамлекеттик бюджеттен каржылоону алган же мамлекеттик органдын функцияларын же болбосо функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырып жаткан уюмдардан, менчиктин мамлекеттик үлүшү бар ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан документтерди жана материалдарды суратып алууга, ошондой эле алардын кызмат адамдарын жыйналыштарга чакырууга укуктуу.

4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын кызмат адамдары комитеттерге алар сураткан документтерди, материалдарды, маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

5. Суратылган документтердин жана материалдардын түп нускалары же жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Жогорку Кеңештин комитеттерине бир айдан ашпаган мөөнөттө берилиши керек.

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-114)
