# 111-берене. Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 111-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-111

---

1. Жогорку Кеңеш Төрагага, анын орун басарларына, комитеттерге, комиссияларга, Аппараттын Жетекчисине тапшырма берүүгө укуктуу. Тапшырмалар маалымат берүү же болбосо каралып жаткан маселелер боюнча тиешелүү чараларды көрүү максатында төмөнкүлөрдүн сунуштары боюнча жазуу жүзүндө берилет:

1) жыйналышта төрагалык кылуучунун;

2) фракциялардын;

3) депутаттык топтордун;

4) депутаттардын.

2. Протоколдук тапшырманын жазуу жүзүндө киргизилген жана демилгечи тарабынан кол коюлган текстин Жогорку Кеңештин жыйналышында демилгечи жарыя кылат.

3. Каршы пикирлер болгондо тапшырма берүү жөнүндө сунуш добушка коюлат. Чечим катышып олтурган, добуш берүүгө катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Тапшырманы кабыл алуу жыйналыштын протоколунда чагылдырылат. Протоколдук тапшырма кол коюлгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде аткаруучуга жөнөтүлөт, ал тапшырма алынган күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен же Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленген башка мөөнөттө тапшырманын демилгечисине аны аткаруунун натыйжалары жөнүндө маалымдайт.

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-112)
