# 110-берене. Депутаттык суроо-талап

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 110-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-110

---

1. Депутат, каралган же алардын өндүрүшүндө турган иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик менчиктин үлүшү бар, республикалык бюджеттен каржылоо алган же мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырып жаткан уюмдарга, мекемелерге, фонддорго, алардын кызмат адамдарына алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу.

2. Депутаттык суроо-талаптарда жеке кызыкчылыктагы же юридикалык мүнөздөгү кеңештерди берүүнү талап кылган, ошондой эле айыптоону же мазактоону камтыган маселелерге жол берилбейт.

3. Көзөмөлдөө, тергөө органдарынын кызмат адамдарынын өндүрүшүндө турган конкреттүү иштер жана материалдар боюнча аларга даректелген депутаттык суроо-талап ушул органдардын жана адамдардын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

4. Депутат суроо-талап менен кайрылган ар бир орган же кызмат адамы бир айлык мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.

5. Жогорку Кеңештин жыйналышынын учурунда депутаттардын аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына жазуу жүзүндөгү же оозеки айтылган суроо-талаптары жыйналыштын стенограммасынын негизинде атайын бланкта таризделет, ага депутат жеке өзү кол коет, суроо-талаптардын жана аларга берилген жооптордун бирдиктүү реестринде катталат жана тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-111)
