# 11-берене. Депутаттык топ

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 11-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-11

---

1. Депутаттык топтор - бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракциялардын курамына кирбеген Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси.

2. Бир мандаттуу округдар боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары 7 депутаттан кем болбогон депутаттык топторду түзүүгө укуктуу.

3. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана депутаттык топтун мүчөсү болууга укуктуу.

4. Депутаттык топтор фракциялар сыяктуу эле укуктарга ээ.

5. Депутаттык топ аны түзүү, аталышы, тизмедеги курамы, жетекчиси жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот. Депутаттык топтун жазуу жүзүндөгү чечими төрагалык кылуучуга берилет.

6. Депутаттык топтор ишин ушул Регламентке карама-каршы келбеген депутаттык топтор жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашырат.

7. Депутаттык топтор өз иши төмөнкү учурларда токтотот:

1) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулганда;

2) Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатканда;

3) эгерде депутаттык топтун саны 7 депутаттан аз болсо.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-12)
