# 105-берене. Парламенттик териштирүүнү жүргүзүү үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 105-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-105

---

1. Парламенттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде парламенттик териштирүү жүргүзүүгө укуктуу, эгерде ал төмөнкүлөргө коркунуч келтирүү менен байланыштуу болсо:

1) мамлекеттик эгемендүүлүккө;

2) улуттук коопсуздукка;

3) коомдук тартипке;

4) аймактык бүтүндүккө;

5) калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына;

6) саясий, экономикалык жана башка мамлекеттик кызыкчылыктарга.

2. Төмөндөгүлөрдүн аракеттери (аракетсиздиги) парламенттик териштирилүүгө тийиш:

1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын;

2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдардын;

3) Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн иши маанилүү болуп саналган жеке компаниялардын.

3. Парламенттик териштирүү мыйзамсыз аракеттерге карата жүргүзүлөт, аларга төмөндөгүлөр кирет:

1) "легалдаштыруу", "акчаларды адалдоо" түшүнүгүнө туура келген мыйзамсыз бүтүмдөрдү жүргүзүү;

2) мыйзамсыз террористтик түзүлүштөрдү колдоо;

3) мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу же уурдоо;

4) мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыяндарды келтирген аракеттер;

5) башка мыйзамсыз аракеттер.

4. Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдүн жазуу жүзүндөгү негизделген демилгеси боюнча парламенттик териштирүүнү дайындоого укуктуу:

1) Төраганын;

2) комитеттин;

3) фракциянын;

4) депутаттык топтун;

5) убактылуу комиссиянын;

6) бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттын;

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин);

8) Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин төрагасынын жана Улуттук борбордун директорунун.

5. Парламенттик териштирүүнү дайындоо жөнүндө токтом депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-106)
