# 103-берене. "Министрлер Кабинетинин саатын" жана "Министрлер Кабинетинин күнүн" даярдоо жана өткөрүү мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 103-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-103

---

1. Ар шаршембиде Жогорку Кеңештин жыйналышында "Ар кандай" маселенин алкагында Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө депутаттардын суроолоруна 2 саат бөлүнөт.

Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маселени Жогорку Кеңеш кварталына бир жолу кароого укуктуу.

2. Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусу менен "Министрлер Кабинетинин саатын" жана "Министрлер Кабинетинин күнүн" кварталына бир жолудан көп эмес өткөрөт.

3. "Министрлер Кабинетинин саатынын" узактыгы бир саатты түзөт. Жогорку Кеңештин чечими боюнча убакыт узартылышы, бирок бир сааттан көп эмес узартылышы мүмкүн.

4. Ар жылдык иш пландын негизинде Жогорку Кеңеш "Министрлер Кабинетинин күнүнүн" темаларын аныктайт. "Министрлер Кабинетинин күнүнүн" узактыгы Жогорку Кеңештин жыйналышынын убактысын түзөт.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-102)  
Кийинки берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-104)
