Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 24.10.2022 редакциясы
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 940-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы преамбула менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын максаты жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү ташуучу автобустар, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдер менен, анын ичинде автомобилдик чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди пайдалануу менен ташууларды камсыз кылууга багытталган автомобиль транспорту жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин түзүү болуп эсептелет.".
3) 5-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын.
4) 6-беренеде:
а) 1-бөлүктүн:
- 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктунда "ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүгүндө мыйзамдардын" деген сөздөр "ЕАЭБдин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу" техникалык регламентинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 8-берененин 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 9-берененин 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
7) 13-берененин 8-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр ", анын ичинде электрондук түрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 16-берененин 2 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 19-берененин 1-бөлүгү:
а) 6-пунктунда "жана Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык каралган" деген сөздөр алып салынсын;
б) 7-пунктунда "Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз. Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилеген ченемдердин чектеринде" деген сөздөр алып салынсын;
10) 21-берененин 4-бөлүгүнүн 8-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
11) 29-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жүк ташууну тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу максатында, жүк жөнөтүүчү товардык-транспорттук баракчага санитардык, бажылык, карантиндик эрежелерде каралган документтерди, ошондой эле тастыктамаларды, сапат паспортторун жана күбөлүктөрдү тиркеп коюуга милдеттүү.".
Берененин тексти 24.10.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112433/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Темир жол транспорту жөнүндө" жана "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>