# 99-берене. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын пайдалануу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 99-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-99

---

1. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Улуттук банктын ортосунда макулдашылган көлөмдө жана шарттарда пайдаланылышы мүмкүн.

2. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары аманаттар боюнча милдеттенмелерди башка банкка өткөрүүдө банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык коргоого алынууга тийиш болгон аманаттарга карата гана пайдаланылат.

3. Ушул беренеге ылайык Депозиттерди коргоо фонду тарабынан бөлүнүүчү каражаттардын суммасы банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык кепилдик учур келгенде аманаттар боюнча төлөө суммасынан ашпоого тийиш.

4. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын ушул берененин максаттары үчүн пайдалануу кепилдик учуру келгендеги төлөөлөргө теңештирилет. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарынын ордун толтуруу кредиторлордун ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-100)
