# 98-берене. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 98-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-98

---

1. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу жүзөгө ашырылат, эгерде Улуттук банктын баалоосу боюнча:

1) банкты банкрот деп таануунун айкын коркунучу болсо жана мындай чечимди кабыл албоо аманатчылардын жана банкка байланышы жок башка кредиторлордун абалын начарлатышы мүмкүн болсо;

2) мындай чечим аманатчыларды жана банкка байланышы жок башка кредиторлорду коргоону камсыз кылуунун, ошондой эле депозиттик базаны сактоонун эң мыкты ыкмасы болуп саналса;

3) мындай чара финансы жана банк системасынын туруктуулугун, коопсуздугун сактоо, калктын банктарга ишениминин кетишине жол бербөө үчүн зарыл болсо.

2. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүүдө же сатууда банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин бардыгы же анын кандайдыр бир бөлүгү кандай болбосун көлөмдө жана катышта өткөрүлүп берилиши же сатылышы мүмкүн.

3. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу рыноктук шарттарда жүзөгө ашырылат. Банктын активдерин сатуудан түшкөн каражаттар кайра түзүмдөлүүчү банкка жиберилет.

4. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу учурунда аларды кабыл алуучу же сатып алуучу жактын тиешелүү лицензиясы же уруксаты болууга тийиш.

5. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу банктын кредиторлорунун жана акционерлеринин, ошондой эле башка кызыкдар жактардын макулдугун талап кылбайт.

6. Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын интернет-сайтына банктын активдерин, милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу жөнүндө билдирүүнү жарыялайт.

7. Биринчи кезекте банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык корголууга тийиш болгон аманаттар боюнча банктын милдеттенмелери өткөрүлүп берилет.

8. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу аманатчылардын жана башка кредиторлордун укуктарын бузуу болуп саналбайт.

9. Банктын кредиторлору, акционерлери жана менчиги, милдеттенмелери жана укуктары өткөрүлүп берилбеген же сатылбаган башка жактар башкаларга өткөрүлүп берилген же сатылган активдерге, милдеттенмелерге жана укуктарга кандай негиздер болбосун талапкер болууга же өз укуктарын билдирүүгө укугу жок.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-99)
