# 95-берене. Убактылуу администратордун корутундусу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 95-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-95

---

Убактылуу администратор банкка убактылуу администрация киргизилген күндөн тартып он беш календардык күндөн кечиктирбестен, банктын финансылык абалына жүргүзүлгөн талдоонун жана анын ишин баалоонун натыйжалары боюнча Улуттук банкка төмөнкү сунуштамалардын бирин камтыган корутунду берет:

1) көйгөйлөрдүн четтетилгенине байланыштуу же болбосо алар четтетилгенден кийин банктын өз алдынча ишин кайра жаңыдан баштоо;

2) банктын лицензиясын кайра кайтарып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо;

3) банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча ушул Мыйзамда каралган иш-чараларды жүргүзүү;

4) банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун сунушу боюнча ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра катталуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-96)
