# 94-берене. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 94-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-94

---

1. Убактылуу администратор өз ыктыярдуу жоюлуу жөнүндө чечимди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды кошпогондо, устав жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча банктын башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

Акционерлердин жалпы чогулушу ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра катталуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн, ал убактылуу администратор тарабынан бекитилет.

2. Убактылуу администратор ушул Мыйзамда каралган максаттарга жетүү үчүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Убактылуу администратор банктын, анын аманатчыларынын жана башка кредиторлордун эң мыкты кызыкчылыгында ак ниет жана акыл ченемдүүлүк менен иш алып барууга тийиш.

3. Убактылуу администратор өз иш-аракеттерин Улуттук банк менен координациялайт жана ага отчет берет. Убактылуу администратор операцияларды жана төлөмдөрдү Улуттук банктын уруксаты менен жүзөгө ашырат.

4. Убактылуу администратордун ишин уюштуруу жана отчет берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-95)
