# 93-берене. Убактылуу администратор

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 93-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-93

---

1. Кынтыксыз ишкердик абройго ээ, финансы-банк системасында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар жана Улуттук банк тарабынан белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген жеке адамдар убактылуу администратор болуп дайындалышы мүмкүн. Улуттук банктын кызматчылары убактылуу администратор боло алышпайт.

2. Убактылуу администратор Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барат.

3. Кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо максатында убактылуу администратордун кызмат ордуна талапкер адам белгиленген форма боюнча өзү жана иш кызыкчылыктары жөнүндө толук маалыматтарды Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.

4. Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматчылары болуп саналбаган адистердин эмгегине акы төлөө банктын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Убактылуу администратор дайындалган банкта убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматчылары болуп саналбаган адистердин эмгегине акы төлөө үчүн ликвиддүү каражаттар болбогон учурларда, Улуттук банктын чечими боюнча бул чыгашалар Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Ушул чыгашалар убактылуу администратор дайындалган банктын сарптоолоруна киргизилет. Убактылуу администрациянын курамына тартылган Улуттук банктын кызматчыларынын эмгек акыларын төлөө Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацына ылайык Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылган чыгашалар убактылуу администрациянын иши токтотулган учурда банк тарабынан, ал эми банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда - ушул Мыйзамдын 122-беренесинде белгиленген кредиторлордун талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгүнө ылайык жоюлат.

5. Убактылуу администрациянын чыгашаларынын сметасы убактылуу администратор тарабынан түзүлөт жана Улуттук банк менен макулдашылат. Убактылуу администратор убактылуу администрациянын чыгашалары боюнча Улуттук банк белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө отчет берет.

6. Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш. Камсыздандыруучуга карата талаптар жана камсыздандыруу шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-94)
