# 91-берене. Убактылуу администрация киргизүүнүн негиздери

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 91-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-91

---

1. Улуттук банк төмөнкү негиздердин кайсынысы боюнча болбосун банкка убактылуу администрация киргизүүгө милдеттүү:

1) банктын өздүк капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өздүк (жөндөөчү) капиталдын минималдуу өлчөмүнүн кеминде жетимиш беш пайызын түзсө;

2) капиталдын адекваттуулук коэффициенттеринин кайсынысы болбосун Улуттук банк белгилеген коэффициенттин маанисинин өлчөмүнүн элүү пайызынан азды түзсө;

3) төлөм мөөнөтү келип жеткенден кийинки беш жумуш күнү ичинде банк карыздык милдеттенмелер боюнча кредиторлордун укук ченемдүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүз болсо.

2. Улуттук банк төмөнкү негиздердин кайсынысы боюнча болбосун банкка убактылуу администрация киргизүүгө укуктуу:

1) банк капиталга карата талаптарды бузса жана/же Улуттук банктын баасы боюнча банктын финансылык абалы олуттуу начарлайт деп эсептөөсүнө негиздер болсо;

2) ушул Мыйзамга ылайык лицензияларды кайра чакыртып алуу үчүн кандай болбосун негиздер болсо;

3) банктын башкаруу органдарынын ортосунда анын ишинин үзгүлтүккө учурашына алып келүүчү пикир келишпестиктер болсо жана/же банктын өз ыктыяры менен жоюлушуна баш тарткан учурду кошуп алганда, банктын башкаруу органдары же кызмат адамдары өз иш-милдеттерин аткара албай, банкты башкарууга мүмкүн болбой калганда;

4) ушул Мыйзамда каралган башка негиздер.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-92)
