# 9-берене. Аманаттардын сакталышы жана кайра кайтарылышы

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 апреля 2025 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере оказания банковских услуг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428#diff=26284..31380>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 9-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-9

---

1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар банк эсептеринде турган акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга жана ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын кодекстеринде жана мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, аманатчылардын биринчи талабы боюнча аларды кайтарып берүүгө милдеттүү.

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда банк эсептен акча каражаттарын уурдоого багытталган алдамчылык аракеттерине шектенүүлөр болгондо банктык эсеп боюнча чыгаша операцияларын 30 күнгө чейинки мөөнөткө токтотуп турууга укуктуу. Банк себептерин көрсөтүү менен кардарга эсеп боюнча операциялар токтотулгандыгы жөнүндө токтоосуз кабарлоого милдеттүү.

2. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар аманатчылар үчүн Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралбаган кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө укуксуз.

3. Банктык эсептер жана аманаттар менен иштөө тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-10)
