# 89-берене. Улуттук банктын талабы боюнча банкты финансылык жактан чыңдоо

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 89-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-89

---

1. Улуттук банк кандай убакта болбосун банктан финансылык жактан чыңдоо планында каралган чаралардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык өз каалоосу боюнча кандай болбосун башка чаралардын колдонулушун талап кыла алат.

2. Улуттук банктын талабына ылайык банктын Директорлор кеңеши банкты финансылык жактан чыңдоо программасын бекитүүгө милдеттүү.

3. Улуттук банктын талабы коюлган күндөн тартып банк пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлердин алдында кандай болбосун финансылык милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө, ошондой эле эмгек акыны кошпогондо, банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кандай болбосун сый акыларды төлөө жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укугу жок.

4. Банкты финансылык жактан чыңдоо боюнча чаралар көрүлүп жаткан мезгилде Улуттук банк, эгерде бул банктын финансылык абалынын начарлашына же банкроттукка алып келе турган болсо, банктын акчалай милдеттенмеси боюнча кредиторлордун талаптарын канааттандырууга тыюу салууга же чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-88)  
Кийинки берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-90)
