# 88-берене. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 88-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-88

---

1. Банкта финансылык кыйынчылыктар жана көйгөйлөр келип чыккан учурга карата Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген банкты финансылык жактан чыңдоо планы болууга тийиш.

2. Банкты финансылык жактан чыңдоо планында банктын үзгүлтүксүз жана туруктуу ишин калыбына келтирүү боюнча адекваттуу чаралар, ыкмалар жана ресурстар каралууга тийиш. Банк банкты финансылык жактан чыңдоо планынын адекваттуулугуна баалоо жүргүзүүгө милдеттүү.

3. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы, жаңылоону кошуп алганда Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Банкты финансылык жактан чыңдоо планын түзүүгө жана жаңылоого карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

4. Эгерде банк банктык топтун бөлүгү болуп саналган учурда, банктык топту финансылык жактан чыңдоо боюнча банктын кошумча планы болууга тийиш. Ушул главанын талаптары банктык топко жайылтылат.

5. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда, Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарда финансылык кыйынчылыктар жана көйгөйлөр келип чыккан учурга карата финансылык жактан чыңдоо планы болууга тийиш. Финансылык жактан чыңдоо планына карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-89)
