# 83-берене. Банктык топтун катышуучуларына карата таасир этүү чаралары

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 83-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-83

---

1. Банктык топтун кандай болбосун катышуучусуна (жеке жана юридикалык жактарга) же кызмат адамдарына карата ушул беренеге ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн, эгерде:

1) аффилирленген жактар банктын финансылык туруктуулугуна жана банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына зыян тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон кемчиликтерди жана бузууларды четтетүүгө карата Улуттук банктын талабы боюнча чараларды көрбөсө;

2) банктын олуттуу катышуучусу, иши же финансылык абалы банктын финансылык туруктуулугуна же банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына зыян тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон, алар контролдогон компанияларга карата Улуттук банктын талабы боюнча чараларды көрбөсө;

3) Улуттук банктын баасы боюнча банктык топтун ичинде башкы (негизги) банк/компания жана/же чет өлкөлүк көзөмөл органы тарабынан банктык топтун катышуучуларын контролдоо/көзөмөлдөө тобокелдиктерди табууга жана азайтууга мүмкүнчүлүк бергидей эмес, жетишсиз жүргүзүлүп жатса;

4) Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк ала албай жатса;

5) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.

2. Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:

1) банктын туунду компаниясы менен болгон учурда - банктан ушул компанияга кандай болбосун инвестициялардын убактылуу токтотулушун талап кылууга;

2) банктын аффилирленген жактары менен болгон учурда - банктан жана/же аффилирленген жактардан мындай аффилирленген жактар менен банктын ортосундагы операцияларды, бүтүмдөрдү (түздөн-түз же кыйыр) токтотула турушун талап кылууга;

3) банктык холдинг компаниясы менен болгон учурда - банктык холдинг компаниясынан банк ишин контролдоону, анын ичинде акциялар боюнча түздөн-түз же кыйыр добуш берүү укугун жүзөгө ашырууну токтото турууну талап кылууга;

4) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдонуучу компаниялар менен болгон учурда - олуттуу катышуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга:

а) банк ишине катышууну токтото турууну, анын ичинде акциялар боюнча түздөн-түз же кыйыр добуш берүү укугун жүзөгө ашырууну токтото турууну;

б) банк менен олуттуу катышуучу жана/же банк менен банктын олуттуу катышуучусун контролдогон компаниянын ортосунда түздөн-түз жана кыйыр операциялардын, бүтүмдөрдүн жүзөгө ашырылышын токтото турууну;

5) банктын туунду же көз каранды компаниясы менен болгон учурда - компания андан ары банктын туунду же көз каранды компаниясы болуп саналбагандай деңгээлге чейин банктын өз инвестицияларын азайтуусун талап кылууну;

6) банктык холдингдик компания менен болгон учурда - банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга уруксатын жокко чыгарууну жана акциялардын тиешелүү топ-томун сатууну талап кылууну;

7) банктын башкы компаниясынын туунду компаниясы менен болгон учурда - банктык холдингдик компаниянын туунду компанияны, же болбосо банкты контролдоону токтотуусун талап кылууну;

8) банктын олуттуу катышуучусу болуп саналган компаниялар менен болгон учурда - банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга уруксатын жокко чыгарууну жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууну;

9) банктын олуттуу катышуучулары контролдогон юридикалык жактар менен болгон учурда - банктын олуттуу катышуучусу болуу укугуна уруксатты жокко чыгарууну жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууну.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-9-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, акциялар боюнча добуштар банктын акционерлеринин чогулушунун кворумун эсептөөдө жана чечим кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны маңызы боюнча чечимдин кабыл алынышына таасирин тийгизсе, мурда кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет. Улуттук банктын талабы боюнча бузуу аныкталган жак акциялардын тиешелүү пакетин белгиленген мөөнөт ичинде аны менен байланыштуу болбогон жактарга сатууга милдеттүү. Мындай болбогон учурда, Улуттук банк сотко ушул жактын акцияларын мажбурлап ажыратуу жөнүндө арызы менен кайрылат.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, эгерде бүтүмдөр Улуттук банктын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылса, анда мындай бүтүмдөр алдын ала жараксыз болуп саналат. Улуттук банк жараксыз бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-84)
