# 81-берене. Тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 81-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-81

---

1. Банктык топтун катышуучулары өз ишинде банктык топтун кандай болбосун катышуучусунун же бүтүндөй банктык топтун финансылык туруктуулугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон тобокелдиктерди өзүнө албашы керек.

2. Банктык топ жана анын катышуучулары банктык топтун тиешелүү ишине, ошондой эле ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тобокелдиктерди башкаруунун жана ички контролдун талаптагыдай системасына (саясатына) ээ болууга тийиш.

3. Банктык топ жана анын катышуучулары Улуттук банктын ири тобокелдиктер, инвестициялардын өлчөмдөрү жана консолидацияланган негиздеги валюталык позицияга чектөөлөрүн сактоого, ошондой эле тобокелдиктерди азайтуу жана иштеги чектөөлөр боюнча башка талаптарды аткарууга тийиш. Улуттук банк банктык топтун катышуучуларынын ортосундагы бүтүмдөр жана операциялар боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

4. Банктык топтун башында турган банк, банктык холдингдик компания жана юридикалык жактардын тобун контролдоочу башкы компания Улуттук банктын ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системасына карата талаптарынын банктык топ тарабынан сакталуусу үчүн жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-82)
