# 80-берене. Экономикалык ченемдер жана башка талаптар

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 80-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-80

---

1. Улуттук банк банктык топтордун катышуучуларынын капиталынын адекваттуулугуна карата талаптарды, ошондой эле банктык топ сактоосу милдеттүү башка экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт.

2. Банктык топ банктык топтун бардык катышуучуларынын потенциалдуу жоготууларын жана чыгымдарын жабуу үчүн жетиштүү капиталдын тиешелүү деңгээлине ээ болууга тийиш.

3. Банктык топтун жана банктык топтун катышуучуларынын капиталы Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайыктуу болушу керек. Банктык топтун катышуучулары капиталдын адекваттуулугун камсыз кылуу боюнча саясатка жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш. Банктык топтун катышуучулары капиталдын адекваттуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Банктык топтун катышуучулары капиталдын адекваттуулугуна олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бардык фактылар жана жагдайлар тууралуу токтоосуз Улуттук банкка кабарлоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-81)
