# 79-берене. Банктык топтордун иши

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 апреля 2025 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере оказания банковских услуг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428#diff=26284..31380>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 79-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-79

---

1. Банктык топко кирген компаниялар банктык жана/же финансылык ишти банктык жана/же финансылык ишке байланышкан иштерди, анын ичинде банктык холдингдик компаниялар менен болгон учурда топтун катышуучуларынын акцияларына ээлик кылууну, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка иштерди гана жүзөгө ашыра алат.

2. Банктык топтун катышуучусу болуп саналган банк өз ишин банктык топтун калган катышуучуларынан көз карандысыз жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана банктык топко кирген банктык холдингдик компаниялар акционердик коом формасында болууга тийиш.

3. Банктык топтун башында турган банк, банктык холдингдик компания же юридикалык жактар тобун контролдоочу башкы компания бүтүндөй банктык топтун ишинин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Банктык топту, банктык холдингдик компанияларда жана юридикалык жактар тобун контролдогон башкы компанияларды жетектеп турган банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы, банктык топтун бардык катышуучуларынын ортосунда тиешелүү маалыматтардын талаптагыдай алмашуусун камсыз кылууга тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктын финансылык абалына анын банктык топко катышуусунан улам коркунуч келген учурда, банк бул тууралуу токтоосуз жазуу жүзүндө Улуттук банкка билдирет.

6. Банктарга карата коюлган ушул Мыйзамдын талаптары банктык топко жана банктык топтун катышуучуларына Улуттук банк тарабынан белгиленген көлөмдө жана чектерде жайылтылат.

(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-80)
