# 78-берене. Консолидацияланган көзөмөл объекти

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 78-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-78

---

1. Улуттук банк төмөнкү банктык топторго карата консолидацияланган көзөмөлдү жүзөгө ашырат:

1) банк жетектеген жана анын туунду жана/же көз каранды компанияларына;

2) банктык холдингдик компанияга, ал жетектеген туунду жана/же көз каранды компанияларынын бири Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банк болуп саналат. Банктык холдингдик компания - бул башкы компания, анын туунду жана/же көз каранды компанияларынын бири банк болуп саналат;

3) курамына аны контролдоону бир эле жак жеке өзү же башка жактар менен биргеликте жүзөгө ашыруучу банк кирген банктык жана/же финансылык иш менен алектенген юридикалык жактардын тобуна.

2. Эгерде юридикалык жактардын тобунун башкы компаниясы болбогон учурда, анда Улуттук банктын макулдугу менен контролдоочу жак катары ыйгарым укук берилген топтун юридикалык жактарынын бири Улуттук банкка консолидацияланган отчетту жана маалыматтарды берүү милдетин аткарат.

3. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөл талаптарын колдонбоо учурларын белгилөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-79)
