# 76-берене. Банктын ишине тышкы көзөмөл

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 76-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-76

---

1. Банктарга тышкы көзөмөл берилген отчеттор жана башка маалыматтар боюнча банктардын ишин талдоо аркылуу, ошондой эле банк менен анын иши боюнча өз ара аракеттенүү менен аралыктан, туруктуу негизде жүзөгө ашырылат.

2. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери банктан тиешелүү документтерди жана маалыматтарды суратып алууга, жетектөөчү банкка барууга, банктын жетекчилиги, башка кызмат адамдары жана кызматкерлери, ошондой эле тышкы аудиторлор менен жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу.

3. Банктардын ишине тышкы көзөмөлдү уюштуруу, ыйгарым укуктары жана аны жүзөгө ашыруу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-77)
