# 75-берене. Банк үчүн экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 75-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-75

---

1. Банктар үчүн экономикалык ченемдердин жана талаптардын төмөнкү түрлөрү белгиленет:

1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;

2) өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү;

3) капиталдын жетиштүүлүк (адекваттуулук) стандарттары;

4) бир зайымчыга же байланыштагы зайымчылар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;

5) ликвиддүүлүк ченемдери (көрсөткүчтөрү);

6) валюталык, кредиттик, операциялык жана башка тобокелдиктерди чектөө жана аларды башкаруу боюнча талаптар;

7) резервдерди түзүү тартибине карата талаптар;

8) Улуттук банк тарабынан белгиленүүчү ченемдердин, көрсөткүчтөрдүн, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка түрлөрү.

2. Экономикалык ченемдердин, көрсөткүчтөрдүн, талаптардын, чектөөлөрдүн өлчөмү жана аларды эсептөөнүн методикасы Улуттук банк тарабынан аныкталат.

3. Улуттук банк банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүнүн критерийлерин белгилейт жана аларга карата экономикалык ченемдердин, көрсөткүчтөрдүн, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка өлчөмдөрүн жана түрлөрүн белгилөөгө укуктуу. Банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын тутумдук маанилүүлүгү Улуттук банк тарабынан аныкталат.

4. Улуттук банк банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу банктар үчүн экономикалык ченемдерди, көрсөткүчтөрдү жана башка милдеттүү талаптарды, ченемдерди жана лимиттерди белгилейт.

5. Банктар, алардын кызмат адамдары жана акционерлер Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузганы үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-76)
