# 74-берене. Банктык көзөмөлдүн максаттары үчүн маалымат жана документтер

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 74-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-74

---

1. Банк, анын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, банктын акционерлери жана банк менен байланыштуу жактар отчетторду, документтерди жана башка кандай болбосун маалыматтарды Улуттук банктын талабы боюнча өз убагында берип турууга милдеттүү.

2. Улуттук банк тарабынан алынган жана банктык сырга кирбеген маалыматтар жана документтер купуя маалымат болуп саналат жана ушул Мыйзамга ылайык банк көзөмөлүн жүргүзүү максаттары үчүн зарыл учурларды кошпогондо, жарыяланууга же берилүүгө жатпайт.

3. Улуттук банк, банктык топ үчүн көзөмөлдү консолидацияланган негизде жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон алардын иши жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин белгилөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-75)
