# 73-берене. Банктык көзөмөл

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 73-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-73

---

1. Улуттук банк банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иштерин көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

2. Банктык көзөмөл тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен, ошондой эле жөндөөчү ченемдерди чыгаруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Улуттук банк жеринде комплекстүү жана максаттуу текшерүү методдорун тышкы көзөмөлдөө менен айкалыштыруу аркылуу ар бир банк үчүн анын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен көзөмөлдөө стратегиясын аныктайт.

3. Ушул бөлүмдүн талаптары алардын өзгөчөлүгүн жана атайын мыйзамдардын жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактарга жайылтылат.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-74)
