# 72-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды алмашуу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 72-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-72

---

1. Кредиттик тобокелдиктерди минималдаштыруу жана маалымат алмашуу максатында кредиттик таржымалды түзүү жана банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануучуларга берүү үчүн юридикалык жактар түзүлүшү мүмкүн.

2. Банктар өз ара макулдашуунун негизинде банктык сырды түзгөн маалыматтарды өз ара алмашууга укуктуу.

3. Ушул берененин максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалымат "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, банк тарабынан кардардын макулдугу менен гана жана ушул главанын талаптарын сактоо менен берилиши мүмкүн.

4. Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдын максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана жүгүртүү ушул Мыйзамга ылайык банктык сырды ачыкка чыгаруу деп эсептелбейт. Кредиттик маалыматты алмашуу жөнүндө мыйзамдын максаттары үчүн берилүүчү жана жүгүртүлүүчү банктык сырды түзүүчү маалыматтар дегенде кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган кредиттик маалыматтар түшүнүлөт.

Мында кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн кардардын эсептери тууралуу маалымат күрөөнүн жүйөсү катары каралган акча каражаттары жөнүндө маалыматтардын берилиши жана жүгүртүлүшү менен чектелет, ал эми кардардын тапшыруусу боюнча аткарылган операциялар жөнүндө маалыматтар кепилдиктер же кепилдик берүүчү түрүндө берилген камсыз кылуу боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды берүү жана жүгүртүү менен чектелет.

5. Банктар банктык сырды түзгөн маалыматтарды өз кардарларынын - кредиттик маалымат субъекттеринин макулдугу менен кредиттик бюролорго берет.

Кредиттик бюролор банктык сырды түзгөн маалыматтарды кредиттик маалымат субъекттеринин макулдугу менен кредиттик маалыматты пайдалануучуларга берет. Кредиттик маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда, ал жөнүндө кредиттик маалыматты өткөрүп берүү үчүн кредиттик маалымат субъектинин макулдугун алуу талап кылынбайт.

6. Банктар, кредиттик бюролор жана кредиттик маалыматтарды пайдалануучулардын ортосунда банктык сырды түзгөн маалыматтардын берилиши жана жүгүртүлүшү кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын тартибинде жана ага ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-73)
