# 71-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз ачыкка чыгаруу же пайдалануу үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 71-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-71

---

1. Банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз ачыкка чыгарганы же пайдаланганы үчүн банк, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана башка кандай болбосун жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Банктык сырды түзгөн маалымат мыйзамсыз ачыкка чыгарылган же пайдаланылган учурда, укуктары бузулган кардар же башка жактар буга байланыштуу келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-72)
