# 7-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды ачуу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 7-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-7

---

1. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттары ачык маалымат болуп саналат жана коммерциялык же банктык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес.

2. Банктык кызмат көрсөтүүлөргө кандай болбосун келишим түзүлгөнгө чейин кардарга көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтардын толук ачылышы камсыз кылынууга тийиш.

Көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттары жана наркы тууралуу толук маалымат берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

3. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кардардын көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттарын, аларга байланыштуу тобокелдерди жана жоопкерчиликти толук түшүнгөнүнө ынанууга милдеттүү.

4. Пайыздык ставкалар жана валюталардын алмашуу курсу жөнүндө маалыматты кошпогондо, банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүнүн жалпы шарттарынын өзгөрүүсү жалпыга маалымдоо каражаттарында же расмий интернет-сайттарда, алар күчүнө киргенге чейин кеминде он жумуш күнү мурда жарыяланууга, ошондой эле маалымат такталарында туруктуу негизде жайгаштырылууга тийиш. Пайыздык ставкалардын жана валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсү жөнүндө маалымат токтоосуз жарыяланат.

5. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматты Улуттук банк тарабынан аныкталган талаптарга ылайык ачып көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-8)
