# 69-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 69-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-69

---

1. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды банк пайдалануу үчүн төмөнкүлөргө бериши мүмкүн:

1) банктын негизги ишине байланыштуу кызматтык милдеттерди аткаруу максатында банктын кызматкерлерине;

2) банктын ишине байланыштуу банкка кызмат көрсөтүүлөрдү берген жактарга, эгерде мындай маалыматтар ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында зарыл болсо;

3) консолидацияланган отчетту даярдоо максатында банкка контролду жүзөгө ашыруучу жакка;

4) сотко, банктын жана кардардын ортосундагы талаш маселелер боюнча өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл учурда жана чектерде. Банктын же анын кардарынын өтүнмөсү боюнча сот отуруму жабык болушу мүмкүн.

Мындай берүү банктык сырды берүү жана ачыкка чыгаруу деп эсептелбейт.

2. Мында банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарга берилген банктык сырды түзгөн маалыматтын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-70)
