# 68-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапка карата талаптар

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428#diff=1241183..1241184>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 68-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-68

---

1. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) суроо-талап менен кайрылган жактын толук расмий аталышы жана реквизиттери, ошондой эле маалымат алууга ыйгарым укуктуу адамды жана өткөрүп берүү ыкмасын көрсөтүү менен анын дареги, байланыш каналдары же башка байланыш түзүү маалыматтары;

2) суроо-талап даректелген жактын аталышы;

3) талап кылынган банктык сырды түзгөн суралган маалыматтардын чегин жана көлөмүн көрсөтүү менен банктын кардарынын аты-жөнү (анын ичинде ИСН/ИЖН);

4) банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу максаты жана суроо-талап жиберүүнүн укуктук негиздери;

5) суроо-талапка кол койгон адамдын колу, мөөрү жана ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар.

2. Банктык сырды камтыган маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талап ушул берененин талаптарына ылайык келбеген учурда, банк банктык сырды камтыган маалыматтарды берүүдөн баш тартууга милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү суроо-талабына карата талаптар Улуттук банк менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү банктык сырды түзүүчү маалыматка жайылтылбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-69)
