# 66-берене. Банктык сыр

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 66-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-66

---

1. Банктык сыр - бул алардын келишим түзүү алдындагы мамилелерин кошуп алганда, банктык ишти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө кардар тарабынан банкка берилген, же болбосо банк тарабынан түзүлгөн же болбосо банк менен кардардын өз ара мамилелерине байланыштуу башкача келип чыккан кандай болбосун маалыматтар.

2. Банктык сырга төмөнкүлөр кирбейт:

1) легитимдүү ачык маалымат (мыйзамдарга ылайык эркин жеткиликтүүлүктө турган маалымат);

2) банктын кардарын идентификациялоого мүмкүндүк бербеген консолидацияланган мүнөздөгү маалымат;

3) Улуттук банк тарабынан аныкталган чектерде банк менен байланыштуу жактар тууралуу маалымат.

3. Ушул главанын талаптары Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактарга да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-67)
