# 60-берене. Банктагы эсепке алуу жана отчеттуулук

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 60-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-60

---

1. Банктын финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрды кошо алган мезгилге белгиленет. Эгерде банк 1-январдан кийин каттоодон өткөн учурда, анда биринчи финансылык жыл банк мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып башталат жана ошол эле жылдын 31-декабрында аяктайт.

2. Банктар бухгалтердик эсепке алуу жүргүзөт жана ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт.

3. Консолидацияланган негизде түзүлгөн отчетторду кошо алганда, банктык, бухгалтердик жана башка отчеттордун тизмеги, берүү формалары жана мөөнөттөрү, ошондой эле аларды бузууга жол бергени үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын-да белгиленет.

4. Банктар Улуттук банктын суроо-талабы боюнча акча каражаттарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы акча каражаттарынын (корреспонденттик эсептер) кыймылы жөнүндө кандай болбосун маалыматты берүүгө милдеттүү.

5. Банктын Башкармасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттордун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтардын ишенимдүүлүгү, толуктугу жана сакталуусу үчүн жоопкерчилик тартат. Банктын башкы бухгалтери финансылык отчеттордо бухгалтердик операцияларынын жана жагдайлардын туура чагылдырылышы, бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттуулуктун регистрлеринин талаптагыдай сакталуусу үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-61)
