# 6-берене. Банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүнүн негиздери

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 6-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-6

---

1. Банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактардын (банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын) кардарлар менен өз ара мамилелери ушул Мыйзамга ылайык өнөктөштүк принцибинин негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандык жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. Кардарлар деп банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу юридикалык жактарды, жеке адамдарды, жеке ишкерлерди түшүнүүгө болот.

2. Кардарлар финансы-кредит уюмун жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо эркиндигине ээ. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кардардын талабы боюнча уюштуруу, уруксат документтери жана финансылык отчеттор менен таанышуу мүмкүндүгүн берүүгө милдеттүү.

Ушул главанын жоболору банктарга, банктык эмес финансы-кредит уюмдарына жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактарга, анын ичинде өз ишин банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучуларга банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптеринин жоболорунда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайылтылат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-7)
