# 57-берене. Аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо системасы

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 57-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-57

---

1. Банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо системасына банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык катышат.

2. Аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо системасынын иштөө тартиби Депозиттерди коргоо фондун түзүү жана аны пайдалануу, кепилдик учурлар келип чыкканда аманаттар боюнча компенсацияларды төлөө, ошондой эле депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, банктардын, Улуттук банктын, мамлекеттик органдардын ортосундагы мамилелер жана башка ушул чөйрөдө келип чыгуучу мамилелер банк аманаттарын коргоо тууралуу мыйзам менен жөнгө салынат.

3. Банк эл аралык банктык тажрыйбада колдонулуучу депозиттерди коргоонун кошумча формаларын тандай алат.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-58)
