# 55-берене. Чындыкка ылайык келбеген жарнамаларга тыюу салуу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 55-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-55

---

1. Банктарга жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга иштин чыныгы абалына ылайык келбеген жарнамаларды берүүгө тыюу салынат. Улуттук банктын талабы боюнча банк жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жак талапка жооп бербеген жарнамаларын жана башка ушундай маалыматтарын белгиленген мөөнөттө өзгөртүүгө, талапка ылайык келтирүүгө же кайра чакырып алууга милдеттүү.

2. Улуттук банктын талаптары аткарылбаган учурда Улуттук банк ушул беренеге ылайык, банктын жарнамалары чындыкка ылайык келбегени тууралуу маалыматты банктын эсебинен жарыялоого жана ага карата ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.

3. Банктарга саясий ишти, саясий партияларды жана шайлануучу кызматтарга талапкерлерди кошуп алганда, анын ичинде акысыз негизде каржылоого, саясий өңүттөгү жарнамаларды берүүгө, ошондой эле башкача түрдө саясий иштерге катышууга тыюу салынат.

4. Банктарга ар түрдүү лотереяларды жана башка ушул сыяктуу "оюн-зоок" иш-чараларын уюштурууга же өткөрүүгө, ошондой эле аларды жарнамалоого же башка жарыялоого катышууга тыюу салынат.

5. Банктар Улуттук банктын талаптарына ылайык маркетинг иш-чараларын жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-56)
