# 54-берене. Банктын ишинде коркунуч туудурууга жана аны алгылыксыз, кооптуу банктык тажрыйбага тартууга жол бербөө

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 54-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-54

---

1. Өз ишин жүзөгө ашырууда банктар, алардын акционерлери жана кызмат адамдары аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын финансы жана банк тутумдарынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдайларга жол бербөөгө, ошондой эле банктын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылуусуна бөгөт коюуга милдеттүү. Улуттук банк алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны жүзөгө ашыруу белгилерин белгилейт.

2. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган, ошондой эле банктын аманатчыларынын жана кредиторлорунун кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын финансы жана банк системасынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдайды түзгөн банктарга, алардын акционерлерине жана кызмат адамдарына карата ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.

3. Банкты, анын акционерин жана/же кызмат адамын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган деп таануу ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган укуктук кесепеттерге алып келет.

4. Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарды, алардын кызмат адамдарын, акционерлерин/катышуучуларын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган деп таануу тартиби жана укуктук кесепеттери алардын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарда жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-55)
