# 50-берене. Банктын инвестициялары

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 апреля 2025 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере оказания банковских услуг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428#diff=26284..31380>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 50-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-50

---

1. Банк инвестицияларды төмөнкү талаптарды жана чектөөлөрдү сактоо менен жүзөгө ашырышы мүмкүн:

1) банктык эмес уюмдарга банктын катышуусу узак мөөнөттүү инвестициялоо катары жүзөгө ашырылышы керек;

2) ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын өлчөмү, анын ичинде кандай болбосун финансылык салымдар жана кредиттер Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын алтымыш пайызынан ашуусу мүмкүн эмес;

3) кыймылсыз мүлккө инвестициялардын өлчөмү белгиленген лимиттерден ашпоого тийиш;

4) өз ара байланыштуу жактар бир жак катары каралат.

2. Операцияларды жана бүтүмдөрдү банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банктын инвестициялык саясатына карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

3. Банктарга карата инвестицияларды жүзөгө ашыруу жана алардын банктын капиталына таасири боюнча башка талаптар жана чектөөлөр Улуттук банк тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-51)
