# 49-берене. Кредиттөө

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 49-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-49

---

1. Банк жооптуу кредиттөө принциптерин жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен кредиттөөнү жүзөгө ашырууга тийиш.

2. Банк банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген кредит саясатына ээ болушу керек.

3. Банкта кредиттик тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуу системасы иштеши керек.

4. Директорлор кеңеши банктын кредит саясатынын, лимиттер, кредиттик тобокелдиктерди башкаруу инструменттеринин жана жол-жоболорунун системасынын, кредиттик тобокелдиктерди башкаруу боюнча ички контролдоо жана ички аудит системасынын адекваттуулугун мезгилдүү, жылына бир жолудан көп эмес кайрадан карап чыгууга милдеттүү.

5. Банк бүткүл банктык продуктуларда, операцияларда жана банк ишинде орун алган кредиттик тобокелдиктерди башкаруусу керек.

6. Банкта Улуттук банктын кредит берүүгө жана кредиттик тобокелдикти башкарууга карата талаптарын эске алуу менен, кредиттерди берүү тартиби белгиленет.

7. Каражаттарды банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптеринин спецификасын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-50)
