# 47-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 47-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-47

---

1. Банктын Директорлор кеңеши банк ишинин бардык деңгээлинде кызыкчылыктардын кагылышын идентификациялоо жана жол бербөө боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш.

2. Банк кызыкчылыктардын кагылышына байланышкан банктын ишинде орун алышы мүмкүн болгон коркунучтар жөнүндө банктын жетекчилигине маалымдоо жол-жоболоруна ээ болууга тийиш.

3. Банктын кызмат адамы кызматка дайындалганга (шайланганга) чейин банкка жакын туугандарынын тизмесин берүүгө милдеттүү. Банктын жана өзүнүн ортосунда кызыкчылыктардын кагылышы келип чыкканы жөнүндө билген кызмат адамы же банк кызматкери бул тууралуу банктын Башкармасына жана/же Директорлор кеңешине токтоосуз билдирүүгө тийиш.

4. Банк орун алган кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө маалымат базасын жүргүзүүгө тийиш.

5. Кызыкчылыктардын кагылышуусунун өз убагында ачылбаганы Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-48)
