# 46-берене. Банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттери

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 46-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-46

---

1. Банктын кызмат адамдары банктын негизги кызыкчылыктары үчүн ак ниет жана акыл ченемдүү аракеттенүүгө милдеттүү, бул алардын төмөнкү талаптарды сактоосун болжолдойт:

1) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын жана банктын уставынын талаптарын сактоо менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенүүнү;

2) берилген ыйгарым укуктарды алар көздөп берилген максаттарда пайдаланууну;

3) акыл ченемдүү мөөнөттөрдө жеткиликтүү маалыматтарды алуу үчүн мүмкүн болгон күч-аракеттер жумшалгандан кийин жеке квалификациясынын жана иш тажрыйбасынын негизинде таразаланган чечимдерди кабыл алууну;

4) кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө боюнча талаптарды сактоону, кызыкчылыктардын кагылышы келип чыкканы тууралуу банктын башкаруу органдарына өз учурунда кабарлоону;

5) бир акционердин кызыкчылыгына башкалардын кызыкчылыгы алдында артыкчылык бербестен, акционерлерге карата теңдик принциптерин сактоону;

6) банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч келтирген бардык белгилүү инциденттер тууралуу банктын башкаруу органдарына билдирүүнү.

2. Улуттук банк банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине карата башка талаптарды белгилөөгө укуктуу.

3. Ушул берененин ченемдери Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-47)
