# 44-берене. Банктын кызмат адамдары

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 44-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-44

---

1. Банктын милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат адамдарынын тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталат.

2. Банктын кызмат адамдарына талапкерлер белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө жана жетиштүү иш-тажрыйбага жана кынтыксыз ишкер абройго ээ болууга тийиш. Кызмат адамдарына талапкерлерге карата талаптар, аларды макулдашуу тартиби жана аларды макулдашуудан баш тартуу үчүн негиздер Улуттук банк тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-45)
