# 4-берене. Банктык ишин жана каржылоонун ислам принциптери

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 4-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-4

---

1. Кыргыз Республикасында салттуу банктык иш жана кредиттөө менен бир катарда банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптери да колдонулат.

2. Банктык ишин жана каржылоонун ислам принциптери - банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү шариат стандарттарына ылайык жүзөгө ашыруунун принциптери жана эрежелери.

Шариат стандарттары деп исламдык банктык ишти жүргүзүү стандарттарын белгилеген эл аралык уюмдар (Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму, Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген экономикалык же башка ишти жүзөгө ашыруу эрежелеринин жыйындысын түшүнүү зарыл.

3. Өз ишин банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банктарга, банктык эмес финансы-кредит уюмдарына жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактарга карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган спецификаны жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-5)
